"Түндүк электр" карызды туумсуз төлөө боюнча акция жарыялады

© Sputnik / Жоомарт УраимовКкоммуналдык төлөмдөрдүн квитанциялары жана акча. Иллюстративдик сүрөт
Ккоммуналдык төлөмдөрдүн квитанциялары жана акча. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Акциянын шарты — абонент туум төлөбөйм десе, негизги карызынан 31-декабрга чейин кутулушу зарыл. Ошондой эле келерки жылдын январь айына болжолдуу төлөмдү алдын-ала төлөп койсо болот.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ААКсы туум акчаларды кыскартуу боюнча акция баштады. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынан кабарлады.
Акциянын алкагында карызы бар абоненттер 31-декабрга чейин акчасын төлөсө, туум акча толугу менен кыскартылат.
"Абоненттер каражатын гана үнөмдөбөстөн, бересеси барлардын кара тизмесинен чыгарылат. Демек, соттук териштирүүлөр сыяктуу ар кандай жагымсыз көрүнүштөрдөн кутулат", — деди компаниядан.
Акциянын шарты — абонент туум төлөбөйм десе, негизги карызынан 31-декабрга чейин кутулушу зарыл. Ошондой эле келерки жылдын январь айына болжолдуу төлөмдү алдын-ала төлөп койсо болот.
Кененирээк маалыматты 1209 Call-борборунан жана www.se.kg сайтынан ала аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0