COVID статистикасы: 60 кишиге вирус жугуп, үч бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМедиктер лифтте
Медиктер лифтте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 727ге жетти. Анын ичинен 177 289 адам дартты жеңип, 2 718 адам коронавирустун курмандыгы болду.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 60 адамдан коронавирус табылып, 89 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 31;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 5.
Киши COVID-19га каршы вакциналарды алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Министрлик: вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор жок
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 727ге жетти. Анын ичинен 177 289 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алып, аны кошкондо өлкөдө жалпы 2 718 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта стационарда 538, ал эми амбулатордук шартта 650 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн суткада эмдөөдөн 10 836 киши өттү, анын ичинен 5 117си биринчи дозаны, 5 719 адам экинчи компонентти алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 061 133кө жетти (экинчи доза 842 471 адам).
Жаңылыктар түрмөгү
0