Газпром: Бишкектин айрым райондорунда көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт

Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ишканасы Көк-Жар айылына табигый газ киргизгени жатат. Мындан улам Бишкектин айрым аймактарында 4-5 күнгө көгүлтүр от өчүрүлөт.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын четиндеги Көк-Жар айылына табигый көгүлтүр от киргизилип жаткандыгына байланыштуу баш калаанын айрым райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
Киши газ плитасында тамак жасап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Ош шаарынын айрым райондорунда эртең газ өчүрүлөт
22-ноябрдан 24-ноябрга чейин Көк-Жар айылы, "Сары-Челек" турак комплекси, Баялинов, Кайыков, 7-Апрель, Конур Осмон көчөлөрүнүн кесилишкен аймагындагы Сейтек жаңы конушу;
Мехлесхоз-1, Саякбай Каралаев, Мехлесхоз-3, Мехлесхоз-5 көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;
24-ноябрдан 26-ноябрга чейин Көк-Жар айылынын Куланов көчөсү, Солнечный кичи районунда, Куйручук №1/1, 1/2, 1/3, 1/4 даректеринде;
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0