Бишкектеги айдоочунун өлүмү: үч милиционер абактан чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Инспектордун куралынан ок жеген айдоочунун өлүмү боюнча кайгуул милициянын төрт кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу кармалган кайгуул милициянын үч кызматкери эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Шектүүлөр Н. Абдиев, Э. Базаркул уулу жана А. Бекматов кылмышты жашырган деген шек менен кармалышкан. Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча райондук соттун токтому 15-сентябрда чыкканы коомчулукка бүгүн белгилүү болду.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Айдоочунун өлүмү боюнча ишти УКМК төрагасы Ташиев өз көзөмөлүнө алды
Ал эми айдоочуну атып салууга шектелип кармалган кенже инспектор Д.Ж. учурда тергөө абагында экенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.
Чыңгыз Абдыраев 27-август күнү Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткенден кийин табелдик куралдын огунан каза болгон. Аны атууга шектелген милиция кызматкери ошол эле күнү, ал эми дагы үч кызматкер эртеси кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0