Дарыгер коронавирус жуктурганда кандай дарыларды ичүүгө болбой турганын айтты

© AFP / LOUAI BESHARAТаблеткаларды кармап турган фармацевтикалык заводдун кызматкери. Архив
Таблеткаларды кармап турган фармацевтикалык заводдун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Дарыгер эмне себептен антибиотикти оору жаңы башталганда эле ичпеш керектигин түшүндүрүп, кесепетин айтты.
БИШКЕК, 17-ноябрь — Sputnik. Коронавирус менен ооруган адамга дароо антибиотик бербеш керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна медицина илимдеринин кандидаты Борис Чурадзе билдиргенин РИА Новости жазды.
"Коронавирус жаңы жуктуруп ооруп жаткан адамды антибиотик менен дарылабаш керек. Көпчүлүк учурда коронавирус болгондор бактериялык инфекцияны оорунун экинчи этабында илештирет. Ошондо гана антибиотик колдонсо болот, бирок дарыгердин көрсөтмөсү менен", — деген медик.
Ал антибиотик менен өз алдынча дарылануу, өзгөчө коронавирус жаңы жуктурганда колдонуу кооптуу экенин эскерткен.
Учёные Крымского федерального университета разработали новую вакцину от коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Россиянын окумуштуулары COVID-19ду ооздуктаган биологиялык кошулма иштеп чыкты
"Антибактериалдык препараттар иммунитеттин сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Иммундук системанын милдети — вирустук инфекция менен күрөшүү. Эгер антибиотикти жөнү жок колдоно берсе, ал иммундук системанын иштөөсүнө жолтоо болуп, организм үчүн керек болгон маалда таасирин жоготуп коёт. Аны дарыгердин көрсөтмөсү менен гана убагында ичүү кажет", — деген Чурадзе.
Адис оорунун белгилери байкалса, сөзсүз медициналык жайга кайрылууну сунуштап, эмдөө менен гана дартты алдын алып же жеңил жеңсе болорун белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0