УКМК: уюшкан кылмыштуу топтор шайлоого кийлигишсе, кайрылыңыздар. Телефондор

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСall-центрдин кызматкерлери. Архив
Сall-центрдин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
УКМК жана ИИМ Кыргызстандын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо, бөгөт коюу боюнча атайын ыкчам тергөө иштерди өткөрүүдө.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин шайлоосуна кийлигишүү же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат болсо УКМКга кайрылууну өтүнөбүз. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлады.
Аталган ведомстводон мындай көрүнүшкө мыйзамда каралган тартипте тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтышкан. Андан сырткары, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо, бөгөт коюу боюнча атайын ыкчам тергөө иштерди пландык негизде улантып жатканын кабарлаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жогорудагыдай көрүнүштөр болсо билдирип коюуну айтып, төмөнкү телефон номерлерди жарыялады:
УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн телефону:
  • Бишкек шаары: (0312) 66-04-75;
  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19;
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49.
Жаңылыктар түрмөгү
0