Бишкекте көмүрдүн тоннасын 3 миң сомго саткан дагы бир кампа ачылды. Дареги

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүКендин аймагындагы көмүр. Архив
Кендин аймагындагы көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Кара-Кеченин көмүрүн арзан сатуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Элдин суроо-талабы жогору болгондуктан кошумча кампалар ачылары убадаланган.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте арзан баада көмүр саткан дагы бир кошумча кампа ачылганын "Кыргыз көмүр" ишканасы кабарлады.
Буга чейин тоннасы 3 миң сомдон сатылып жаткан көмүр базасы Мурманский, 1Б/1 дарегинде ачылган.
Кампадагы көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Бүгүн Кара-Кечеден дагы 350-400 тонна көмүр алынып келинет
Ал эми жаңы кампа Ден Сяопин, 306/2а дарегинде жайгашкан. Бул жакта да кара алтындын баасы үч миң сом болмокчу.
Кара-Кеченин көмүрүн арзан сатуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Ишкана элдин суроо-талабы жогору болгондуктан кошумча көмүр кампалар ачыларын убадалаган
Жаңылыктар түрмөгү
0