Кыргызстанда 27 миң адам таза суу менен камсыз болот. Документке кол коюлду

© AFP / FRANCK FIFE Кыз стаканга суу толтуруп жатат. Архив
Кыз стаканга суу толтуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Долбоордун арты менен канализация жана суу менен камсыздоочу система толугу менен оңдолуп, жарандар таза суу колдоно баштайт.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 27 миңден ашык кыргызстандыкты таза суу менен камсыздай турган документке кол койду.
Кеп "Кербен шаарындагы канализация жана суу менен камсыздоочу системаны реабилитациялоо" боюнча Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын ортосундагы келишимди ратификациялоо мыйзамы жөнүндө болуп жатат.
"Бул долбоор ишке кирсе 27 620дан ашык адам таза суу менен камсыз болот. Аталган долбоор өлкөнүн суу тармагынын мындан аркы өнүгүүсүнө, негизинен, ичүүчү суу системасын реабилитациялоо жана курууга багытталат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоордун арты менен суунун сапаты жакшырып, калк арасында сапатсыз суу аркылуу берилчү оорулардын саны кыскарары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0