Көмүрдүн баасын кымбаттаткандар болсо ыкчам комиссияга чалыңыз. Телефондору

© Sputnik / Бактияр БердибековКөмүр сатуучу жай. Архив
Көмүр сатуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Көмүрдү башаламан саткандарды көзөмөлдөгөн комиссия түзүлөт. Алар отундун белгиленген баада сатылышын камсыз кылышат.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Көмүр рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ыкчам иш алып барган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдирди.
Баалар башаламан кымбаттаса комиссияга кайрылуу керек.
"Комиссия көмүрдү башаламан баада сатууга жол бербөө жана аны аныкталган, туруктуу баада сатуу үчүн көмүр ташуучуларды стационардык отун базаларына жөнөтүү максатында түзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Кампадагы көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Бүгүн Кара-Кечеден дагы 350-400 тонна көмүр алынып келинет
Комиссиянын курамына Салык кызматынын, милициянын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.
Көмүрдүн кымбатташы, салмагынын аздыгы, көмүрдүн туруктуу аныкталган баанын жоктугу, уруксаты берилбеген жерде соода кылган жарандар боюнча ыкчам комиссияга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:
  • Бишкек, Чүй облусу: (0312) 66-52-04, (0552) 33-46-26, (0551) 08-88-57;
  • Ош шаары, Ош облусу: (03222) 7-00-25, 5-50-97, (0770) 55-52-22;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 3-18-86, (0777) 15-04-75;
  • Талас облусу: (03422) 5-58-51, 5-21-25, (0701) 13-13-81;
  • Нарын облусу: (03522) 5-09-53, (0703)-86-86-38;
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 7-00-25, 7-02-23, (0777) 84-20-06;
  • Баткен облусу: (03622) 5-51-49, 5-03-23, (0770) 14-87-50.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги буга чейин өлкөдө көмүрдүн баасын бекиткен. Ага ылайык, Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон ашпаш керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0