Адис чарчоону чакырган тамактарды санап берди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКофе жана сахар. Архив
Кофе жана сахар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Дарыгер айрым азыктар кыска убакытка дем-күч берип, андан кийин кайра чарчатып-чаалыктыра турганын айтты. Бул убакта организм күчүн тамак сиңирүүгө көп жумшап калат.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Адамда чарчоону кайсы азыктар чакыра турганын Р-Спорт агенттиги дарыгер-диетолог Юлия Чехонинага таянып жазды.

Кофе

Күнүнө 1-2 чыны кофе ичүү күч-кубат берери баарыбызга маалым. Айрым учурда андан сергек болбой жаткандай сезилет да, кофени көп ичип алышат. Аны канчалык көп ичсең, ошончолук чарчайсың. Ошондуктан өлчөмүн билгиле.

Таттуулар

Предупреждение болезни желудка  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Гастриттен жапа чеккендерге пайдалуу болчу азыктар туурасында адис айтып берди

Кумшекери көп азыктар да чарчатып-чаалыктырат. Аларды жегенден кийин адам өзүн бир аз убакыт күүлүү-күчтүү сезип калат. Эгер организм таттууну улам сайын талап кыла берсе, кара жана ачуу шокаладга өтүү керек. Алар кандагы глюкозанын деңгээлин көтөрбөйт. Бирок шоколаддын да ченемин билүү керек.

Таттуу суусундуктар, маселен, шире жана газдалган суулар да чарчоо жаратат. Мөмө-жемишке караганда жашылчадан жасалган ширелерди ичиңиздер, анда кант аз болот.

Майсыздандырылган азыктар

Май менен кумшекерден такыр баш тартпоо керек. Адам майсыздандырылган азыктар менен диетага отурганда организм энергия ала албай калат. Мисалы, быштактын 5 пайыз майлуу болгонун алуу керек. Майы кетирилген тамактын даамы да, пайдасы да жок болуп калат.

Фастфуд

Тез даярдалуучу тамактарда калория жогору жана углевод көп. Бул тамак сиңирүү органдарына катуу күч келтирет. Адамдын күчүнүн баары кубаттуу тамакты сиңирүүгө жумшалат. Адатта кыска убакытта энергия берген азыктар кийин кечке чейин шалдыратат. Ал чаалыгуудан жакшы уктап гана арылууга болот.

Ферменттелген азыктар

Ышталган колбаса менен сырдын айрым түрлөрү да чарчатат. Тузу жок сырлар пайдалуураак келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0