Бишкектин кайсы жеринде көмүр 3 миң сомдон сатылып жатканы айтылды. Дарек

© AFP / STRПродажа угля в Шэньяне
Продажа угля в Шэньяне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Арзан сатылган көмүр Бишкекке Кара-Кечеден алып келинүүдө. Президент Жапаровдун айтымында, муну мамлекет демилгелеп, өз колуна алган.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте бир тонна көмүрдү 3 миң сомдон Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде сатып жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
"Азырынча бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат. Кийинчерээк бул чектөөнү жоюу пландалып жатат",— деди Зоотбекова.
Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүн убадалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0