Кыштан жылыткычсыз чыгуунун жолдору. Жөнөкөй 14 кеңеш

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Кыргызстанда суук түшүп, тургундар үйдү жылытууда түйшөлүүдө. Sputnik Кыргызстан электр жабдыктарын пайдаланбастан азыраак чыгым менен имараттагы аба температурасын кантип жогорулатууга болоруна кызыгып көрдү.
Өлкөдө электр кубатын пайдаланууга чектөө киргизилди. “Түндүк электр” ААКсы тарабынан коюлган чектөөлөргө ылайык, бир фазалуу абоненттер — 5, үч фаза коюлган үйлөр — 10 киловаттка чейин гана керектей алышат. Башкача айтканда, эми кошумча электр жылыткычтарын жана күчтүү жабдыктарды пайдаланбоону өтүнүп жатышат.
Күз-кышкы убак башталган маалда Кыргызстандын айрым шаарларында борбордук жылуулук берилет. Ал эми жеке сектордогу турак үйлөр жылытууну качан баштоону өздөрү чечет. Анткен менен меш жагылып, батареялар жылып турса да, көп учурда бөлмөлөр салкын болот. Келиңиздер, эмнеге мындай болорун жана жылуулукту сактоо үчүн эмне кылуу керектигин карап көрөлү.

Коромжу

Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү бүгүн 3 000 сомго түшөрүн айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү бүгүн 3 000 сомго түшөрүн айтты. Видео

Үйдөгү энергиянын 70 пайызы жылытууга кетет. Эгер турак жайыңызды алдын ала жылуулабасаңыз, чыгым да артат, анан да “көчөнү жылытып” жаткандай эле болосуз. Жылуулоодо коромжулардын 30 пайызы үйдүн чатырына туура келет, дубалдар аркылуу 20 чакты пайызы, ал эми терезе жана полдон 15 пайызы коройт. Ушундан бүтүм чыгарууга болот: эгер жылуулуктун коромжулугун төмөндөтсөңүз, чыгымдары кыйла кыскара түшөт.

Кагаз скотч

Чатыр, дубал, полду жылуулоо жана атайын чачыратмасы бар беш камералуу кош айнек терезелерди орнотуу кымбатка түшөт, бирок майнаптуу. Булар үйдөгү жылуулуктун коромжулугун 60 пайызга чейин азайтууга мүмкүндүк берет. Мындай камылганы алдын ала көрүп, кылдаттык менен даярдануу зарыл. Эгер кыш сизге күтүүсүз келсе, анда эски ыкмалар менен – терезенин кычыктарын жана жылчыктын баарын кагаз скотч менен бүтөп чыгыңыз.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭгер кыш сизге күтүүсүз келсе, анда эски ыкмалар менен – терезенин кычыктарын жана жылчыктын баарын кагаз скотч менен бүтөп чыгыңыз
Завершение строительства домов для семей жертв пограничного конфликта в Баткене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эгер кыш сизге күтүүсүз келсе, анда эски ыкмалар менен – терезенин кычыктарын жана жылчыктын баарын кагаз скотч менен бүтөп чыгыңыз

Температура режими

Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган компаниялар сырттагы абанын температурасына жараша режимди жөнгө салат. Жеке турак жайларды жылытууну суук түшкөндө эмес, бир аз эртерээк баштаган оң.
Себеби күн сууктагандан кийин адамдар үйгө кирери менен тез жылытуу үчүн жогорку режимге бурайт. Бул керектөөнү арттырат. Ошол себептен эртерээк жандырып, бирок температураны өтө жогорулатпай — 20-21 градустун чегинде кармоо дурус. Мындай ченге көнгөн соң жылуулукту жогорулатпайсыз, газ, көмүр же отундан да үнөмдөйсүз.

Кондиционер

Жылытуу режиминде иштеген кондиционер кадимки батареялардан алда канча натыйжалуу, болгондо да ал бир киловатт электр кубатына 3 киловаттка чукул жылуулук берет.
Бирок аны сырттагы абанын температурасы –15 градустан төмөн болбогон учурда пайдаланууга болот, бул техниканын негизги кемчилиги ушунда. Буу менен жылытуучу биз көнгөн радиаторлор чилдеде иштейт, бирок аларды маал-маалы менен адистерге каратып туруу зарыл.
© Photo / Pexels / Max VakhtbovychЖылытуу режиминде иштеген кондиционер кадимки батареялардан алда канча натыйжалуу, болгондо да ал бир киловатт электр кубатына 3 киловаттка чукул жылуулук берет
Использование кондиционера в жару - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жылытуу режиминде иштеген кондиционер кадимки батареялардан алда канча натыйжалуу, болгондо да ал бир киловатт электр кубатына 3 киловаттка чукул жылуулук берет

Текшерүү

Жыл сайын суук түшөрдө жылытуу тутумун желдетип, жандырып көрүп текшериңиз. Бул көп кабаттуу үйлөргө да тиешелүү. Батареяларды текшерип, түтүк туташмаларынан суу агар-акпасын караңыз. Радиаторлордон абаны чыгаруу абзел, болбосо ал суунун толук ысышына бөгөт болот. Буга атайын радиатордук ачкыч керектелиши мүмкүн, аны батареянын капталындагы оюкка коюу керек. Андан соң аны саат жебесине тетири бураңыз (ысык суудан абайлаш үчүн ал ачкычты кездеме менен кармаңыз). Бир аздан кийин топтолгон аба чыгат. Качан гана суу келе баштаганда клапанды бачым беките салыңыз. Эгер сиздикинде Маевскийдин крандары орнотулган болсо, бул кадам кыйла жеңил болот.

Жууп-тазалоо

Эгер үйүңүзгө эски батареялар коюлса, аларды сөзсүз жууп чыгуу керек. Шлакка толгон радиаторлорго салыштырмалуу тазалары 40-50 пайызга жогору жылытат. Батареялар алып-такма кылып орнотулса аларды жууп чыгуу жеңил. Жеке үйлөрдөгү радиаторлорго жылуулукту жөнгө салуучуну орнотууга болот. Себеби бөлмөлөрдүн бардыгында эле жогорку температуранын зарылдыгы жок чыгар. Соңку убакта чоюн радиаторлор көп колдонулбайт, көпчүлүк аларды тезирээк жылыган алюминийге алмаштырууда. Борбордук жылытуудагы үйлөргө бул вариант туура келбейт, анткени алюминий радиаторлор андагы басымга ылайык эмес.
© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүШлакка толгон радиаторлорго салыштырмалуу тазалары 40-50 пайызга жогору жылытат
Отопительный сезон в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шлакка толгон радиаторлорго салыштырмалуу тазалары 40-50 пайызга жогору жылытат

Жылуулукту чагылтуу

Пенофол же кадимки эле фольгадан жасалган жылуулукту чагылтуучу экран радиаторлордун майнаптуулугун арттырат. Алар бардык курулуш материалдары сатылган дүкөндөрдөн табылат. Экранды батареянын артына же жөн гана дубалга чаптап коюңуз. Жылуулук дубалдан бөлмөгө чагылат. Мындай ыкма менен бөлмөдөгү аба температурасын 1-2 градуска өйдөлөтүүгө болот.

Кооз да, жылуу да

Көмүр меши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Көмүрдү кантип үнөмдүү жагууга болот? Үйдү туура жылытуудагы 4 шарт

Батареялардын жылуулугун алардын түсүн өзгөртүү менен гана 5-10 пайызга жогорулатууга болот. Үйдөгү радиаторлорду күңүрт түскө сырдасаңыз үй дароо жылый түшкөнүн сезесиз. Андан оболу батареянын эски сырын кырып салган оң, анткени катмары канчалык калың болсо, ошончолук начар жылытат. Атайын радиаторлорго ылайыкталган сырды тандаңыз.

Эмеректерден ыраак

Көп учурда үй же батирлерде батареялар эмерек же парда аркасында калат. Эмеректи радиаторлордон 15 сантиметрдей аралыкта жайгаштырып, кайсы бир убакта көп таралган батареялар үчүн кооздук панелдеринен таптакыр баш тарткан жакшы.
Бөлмөдө аба эркин айланышы үчүн парданы да, ички торун да ачып коюңуз. Анан да кыскараагын тандаган оң. Жер чийип турган парда тагылган бөлмөдө жылуулук айланышы кыйын. Булардын баары эске алынса, батареялар 10-12 пайызга күчтүүрөөк жылыйт.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКөп учурда үй же батирлерде батареялар эмерек же парда аркасында калат. Эмеректи радиаторлордон 15 сантиметрдей аралыкта жайгаштырып, кайсы бир убакта көп таралган батареялар үчүн кооздук панелдеринен таптакыр баш тарткан жакшы.
Презентация квартир для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Көп учурда үй же батирлерде батареялар эмерек же парда аркасында калат. Эмеректи радиаторлордон 15 сантиметрдей аралыкта жайгаштырып, кайсы бир убакта көп таралган батареялар үчүн кооздук панелдеринен таптакыр баш тарткан жакшы.

Күндүн нуру

Кышкысын да күн көп жылуулук берет. Эгер гелио-суу жылыткычыңыз болсо, муну даана байкамаксыз. Анда күндүн нуру сууну аяздуу күндө да 50 градуска чейин жылыта алат. Бул бекер энергияны үйдө да пайдаланыңыз. Күндүзү бөлмөгө күн нуру жакшы киргендей кылып пардаларды ачып, түнкүсүн гана жаап коюңуз. Мындай жөнөкөй эле кадам үйдөгү абаны түнкүсүн да бир нече градуска жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Тазалык жылуулукка өбөлгө

Үйдөгү кадимки эле чаң жылуулукту төмөндөтөт, ошондуктан маал-маалы менен радиаторлордун чаңын сүртүп туруңуз. Ошондо бөлмөдөгү аба жылый түшөт.

Дубалга илинген килем

Энергияны үнөмдөөчү лампалар жана электр сайгычы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу

Батареяларды “жылуулукка тоскоолдуктардан” бошоткуңуз келсе, сыртты караган дубалга шкафты жылдырып же жок дегенде килем илип койгон жакшы. Үй бир топ жылый түшөт.

Радиаторлор күңүрт, дубалдар ачык түскө сырдалганы оң, ошондо жылуулук кубаты жакшыраак чагылат. Парда менен дубал кагаздарын ачык түскө алмаштырып койсоңуз да үй жылыйт.

Желдетүү тутуму

Үйдө же батирде абанын айланышына желдетүү тутуму жооп берет. Эгер ал бузулса кычкылтекке бай таза аба көп кирбей, башты оорутат.
Кичине терезени ачып, бөлмөдөгү желдетүү торчосуна кагазды жакындатыңыз. Эгер кагаз ага жабыша түшсө, вентиляция жакшы иштеп жатканын билдирет. Эгер иштебесе, анда  тазалап чыгуу абзел.

Үшүбөстөн үйдү желдетип туруу

Медиктер үйдү, айрыкча сыркоологон адам жашаган турак жайды тез-тез желдетип туруу керектигин айтышат. Бирок үйдү муздатып албагыдай кылып желдетүүнүн жолу барбы?
Бул үчүн болгону терезелерди толук, бирок бир азга гана ачыңыз. Мындайда таңдан тарта ачып койгонго караганда жылуулук текке сарпталбайт. Үйгө желим же кош айнектелген терезе коюлган болсо желдетүү өзгөчө маанилүү. Анткени алар абанын табигый алмашуусун бөгөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0