Сасык тумоо менен ооругандар үч эсе көбөйдү, балдардан пневмония аныкталууда

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бөбөк. Архив
Ооруканадагы бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Статистикага ылайык, мындай ооруларга көбүнчө 14 жашка чейинки балдар кабылат. Алардын саны 19 382ни же ооругандардын 62 пайызын түзөт.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку убакта курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооруканага кайрылгандар үч эсеге көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирди.
Аталган оорулар менен август айында 11,9 миң адам катталса, октябрда 31,3 миңге жеткен. Бул 100 миң калктын ичинен 476сы ооруга чалдыкканын түшүндүрөт.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Радио
Оторбаева: учурда ооругандардын 68 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө
Өлкө боюнча катталган курч респиратордук инфекциялардын дээрлик жарымы — 41 пайызы Бишкек шаарында. Андан кийинки сапта Чүй (25 пайыз) жана Ысык-Көл облустары (13 пайыз) турат.
Статистикага ылайык, мындай ооруларга көбүнчө 14 жашка чейинки балдар кабылат. Алардын саны 19 382ни же ооругандардын 62 пайызын түзөт.
Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, узаган дем алыш күндөрү балдар ооруканасында курч респиратордук вирустук инфекция менен 537 бейтап кайрылган. 39 баладан пневмония аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0