Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЧүй облусунун айылдарынын бири. Архив
Чүй облусунун айылдарынын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 16-ноябрь күнү, шейшембиде, өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +6...+11, Таласта +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8...+13, Ысык-Көлдө +4...+9 жана Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0