Республикалык диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы пайда болот

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Республикалык диагностикалык борбору. Архив
Бишкектеги Республикалык диагностикалык борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги медиктер кызматтан кетпей турганын айтып, алар Улуттук госпиталда ачыла турчу жаңы борборго которуларын белгиледи.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Республикалык диагностикалык борбору башка жакка которулуп, тейлөө кызматтары өзгөрөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.
"Улуттук госпиталдын базасында диагностика кылган ыкчам медицина борбору ачылат. Ал жакта тейлөө башкача болот. Маселен, диагностика жасалып, зарыл болсо бейтап жаткырылат. Дарыгерлер кызматтан алынбайт, болгону ошол борборго которулат", — деди ал.
Жумакеевдин айтымында, учурда оорукананын ордуна башка оорукана уюштуруу тууралуу буйрук даярдалып жатат. Ал эми Киев көчөсүндө жайгашкан диагностикалык борбордун ордуна 240 орундуу балдар ооруканасы пайда болору кошумчаланды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0