"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектр линияларында иштөөлөр. Архив
Электр линияларында иштөөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Борбор калаада бүгүнкү күндө 4600дөн ашуун абоненттин ишканага болгон карызы 12,1 миллион сомго жеткени айтылды.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы абоненттерди пайдаланган электр кубаты үчүн төлөмдү өз убагында төгүүгө чакырып, болбосо 16-ноябрдан тарта өчүрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирүү таратты.
"Ишканага Бишкек шаарында 4600дөн ашуун абонент 12,1 миллион сом карыз, эгер алар убагында төлөбөсө автоматтык маалыматтык-өлчөөчү система аркылуу электр энергиясы өчүрүлөт", — деп кабарлады.
Элдин ыңгайы үчүн "Түндүк электр" тиркемеси, андан сырткары, компаниянын сайтындагы "Абоненттин балансы" деп аталган бөлүм күнү-түнү иштейт. Ал жерден абоненттер эсеп-кысабын билип алса болот. Буга кошумча, аталган компаниянын телефон чалып билүү кызматы 1209 жана (0551) 00-12-09 (WhatsApp) номерлери менен маалымат берет.
Энергияны үнөмдөөчү лампалар жана электр сайгычы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдары, анын ичинен "О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу төлөсө болот. Ошондой эле  "РСК банк", "Керемет банк", "ДосКредоБанк", "Бакай банк", "Кыргызстан", "Халык банк", КICВ жана "Оптима банктын" кассалары да кабыл алат. Эгер кааласаңыз "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй аласыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0