Дарыгер кант диабети эмнеден улам күчөп кетерин айтты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКан алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Кан алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Бүгүн, 14-ноябрь, дүйнө жүзүндө кант диабетине каршы күрөшүү күнү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2019-жылы бул ооруга кабылгандардын саны (20-79 жаштагылардын арасында) 463 миллионго жеткен.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кант диабетинин күчөп кетишинин негизги фактору таттуу тамак-аш эмес, ашыкча салмак. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаарынын саламаттык сактоо департаментинин эндокринологу Ольга Котешкова билдирди.
"Тукумунда кант диабети менен ооругандар көп болсо, адам толуп кеткен учурда таттуу тамактар чындап эле кант диабетин пайда кылышы мүмкүн. Бирок тамак өзүнөн өзү бул ооруну пайда кылбайт. Бул жерде салмак өтө маанилүү. Ашыкча килограммдар кошулган сайын кант диабетине кабылуу тобокелдиги дагы ошончо жогорулайт”, — деди Котешкова.
Андыктан дарыгер толуп кетүү коркунучу бар адамдарды колдон келишинче көбүрөөк кыймылдап, бат сиңип кетчү тамактарды сунуштайт. Тагыраагы, май жана шекери көп азыктарга караганда клетчатка, витаминге бай жашылчаларды көбүрөөк жеген жакшы. Алар организмди жакшы иштетип, салмакты өзүнүн калыбында кармап турат.
Эске салсак, бүгүн, 14-ноябрь, дүйнө жүзүндө кант диабетине каршы күрөшүү күнү.
Жаңылыктар түрмөгү
0