Күйөөгө энеси бардай узагым келет, бирок акчамды байкем сурап жатат. Кыздын каты

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына чогулткан акчасын агасына берерин же өзүнө сеп даярдаарын билбей бушайман болгон кыздын каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы, сиздер аркылуу психологго кат жазып кеңеш сурайын дедим эле. Мен 28 жаштамын. Борбор калаада иштейм. Апам мен жаңыдан студент болгон кезде эле каза болуп калган, азыр атам бар. Ал кишини да үйлөнткөнбүз. Үйдө өгөй апам менен турат. Агам да шаарда жашайт. Студент сиңдим экөөбүз болсо батирде турабыз. Чынымды айтсам, агамдан бизге жардам деле жок. Тапканы өз үй-бүлөсүнөн артпайт. Аны деле түшүнөм. Ушул кымбатчылык заманда эч кимден эч нерсе үмүтөтпөй өз арабамды тартып, сиңдимди өз күчүм менен окутуп келем.
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Атам менен аялымдын талашынын ортосунда калдым. Айласы кеткен жигиттин каты
Жактырган жигитим бар. Экөөбүз эки жылдан бери кыз-жигит болуп келебиз. Быйыл колумду сураганда макул болуп, бирок тоюбузду жазга жылдырып койгом. Жазында үйгө барып кол менен алып кетишмек. Ал бир үйдүн улуу баласы болгондуктан үйүндөгүлөр да үйлөн деп жатат. Болочок кайындарым интеллигент адамдар. Мен да татыктуу баргым келет. Ушул күн келерин билип, көптөн бери банкка акча чогултуп жүргөм. Ал акчага өзүмө сеп камдап, татыктуу дасторкон жайып, той көйнөгүн кийип, сандыгымды толтуруп күйөөгө энеси бар кыздай узагым келет. Өткөндө сиңдим экөөбүз агамдыкына барып, жазында турмушка чыгарымды айтып, "акча жагынан кам санабагыла, банкта чогулткан каражатым бар. Себимди, тойду бүт өзүм көтөрөм. Атам малын гана чыгарат" деп койгом. Ошондон кийин эле байкем "банктагы акчаңды берип тур, насыядан кутулуп алалы. Антпесе үйүбүздү алдырып коёбуз. Күйөө бала достору менен келип биздикинен алып кетсин. Чоңуна кийин келер" деп кайра-кайра акча сурап чалып жатат. Эмне кылышты билбейм. Акчаны мээнет менен үнөмдөп атып чогулткам. Турмушка жакшынакай узаганымды элестетип да алгам. Мурдараак эмеректерди да карап, сиңдим экөөбүз бирөөсүн тандап келгенбиз. Бергим келген жок. Сиңдим болсо байкеме ишене албай жатканын жана себи жок каларымды айтууда. Бирок бербей койсом агам үйсүз калсачы?.. Мамилебиздин бузулуп калышынан корком.
Психолог Гүлнара Жасоолова:
Каттын ээси абдан жакшы суроону козгоптур, бирок мында материалдык жакка гана басым жасалууда. Кызда эки ортодо калгандай сезим болууда. Ал бир чети турмушка кайын журтунун алдында каадасы менен узай албай басынуудан жана бир тууганы менен катышпай калуудан коркуп жатат. Үйүндөгүлөргө да ишене албасын жашырган эмес.
Кучакташып турга жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Эңсеген аялды таптым, бирок балдарымды кантип кыям?.. Эркектин каты
Сиз катыңызда азыркы кыйынчылык заманда бирөөгө көз каранды болбой жашоо керектиги тууралуу жакшы ой жазгансыз. Эми ушул эле оюңузду жана турмушка татыктуу узап, апаңыздын жогун билгизбей, себиңиз менен барууну пландаганыңызды байкеңиз менен жеңеңизге да ачык эле түшүндүрүп айтсаңыз туура болмок. Ар бир адам келечекке максат коюп, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылат. Буга акылуу. Болочок кайын журтуңуз абдан жакшы турган адамдар экен. Жашоодо ар кандай учурлар болот. Андай болбой эле койсун, бирок кийин ушул сеп же тойдун айынан ар кандай кептер боло турган болсо, сиз өмүр бою бир тууганыңызды күнөөлөп каласыз. Анткени турмушта кездешип эле жүргөн көрүнүш болгондуктан ушул жагын да ойлонушуңуз керек.
Атаңызга жардам берип, өз камылгаңызды өзүңүз көрүү бул жакшы нерсе. Чоң турмуш жолуна аттанып жаткан соң байкеңиздин да "сөйкө салып эле алып кетсин" деген оюн атаңыз жана кудалар менен чогуу кеңешип көрүңүз.
Негизи бардык кеңештерди угуп, туура чечимди өзүңүз гана чыгарасыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0