COVID кайсы учурда баланы өлүмгө кептейт? Дарыгердин жүрөк үшүн алган пикири

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБаланы карап жаткан дарыгер. Архив
Баланы карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, коронавируска кабылган же андан жаңы сакайып келе жаткан балдарды кызылча, көк жөтөл сыяктуу оорулардан коргоо керек. 
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бала COVID-19 менен катар башка инфекциялык илдеттерге туш болсо, организми катуу жабыркап, атургай өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу педиатр, медицина илимдеринин доктору Сергей Токаревге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Өзгөчө жугуштуу ооруларга каршы эмделбеген организмде бир нече вирустун жолугуп калуусу өтө кооптуу. Айрыкча коронавируска кабылган же андан жаңы сакайып келе жаткан балдарга кызылча, көк жөтөл сыяктуу оорулардын жолобой эле койгону жакшы. COVID-19дан алсырап турган организм бул вирустарды жеңе албай калышы мүмкүн", — деди Токарев.
Адистин айтымында, учурда бир жашка чейинки жана өспүрүм балдар арасында вирус көп жолугууда.
Буга чейин дарыгер балага COVID-19дун эң оор кесепети кайсы экенин айтып берген. Маалыматка караганда, айрым бөбөктөр коронавирустан айыккандан кийин мультисистемалык сезгенүү синдромуна туш болуп, тамак сиңирүү, дем алуу, нерв системалары жабыркап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0