Кайненин тилин кантип тапса болот, негизи эле аны издөө зарылбы? Адистин кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековАртты карап турган аял. Архив
Артты карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, адатта кайнене жаңы келиндин кайсы бир кемчилиги үчүн эмес, уулунан алыстап калуудан корккондугу үчүн кыялын көрсөтөт.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Психолог Александр Колмановский жаш келин кыр көрсөткөн кайнененин тилин табуу үчүн кандай аракеттерди көрүшү керектигин РИА Новости агенттигине айтып берди.
Адистин пикиринде, адатта кайнене жаңы келиндин кайсы бир кемчилиги үчүн эмес, уулунан алыстап калуудан корккондугу үчүн кыялын көрсөтөт.
"Айрым энелер психологиялык жактан уул-кыздарынан абдан көз каранды болот. Алар чоңоюп өз алдынча болууга умтулганда, кадимкидей жаман болушат. Алыстап кетет, мен керексиз болуп калам деп чочулашат. Ал эми балдары үй-бүлө курганы мындай аялдарга өзүнчө бир сыноо. Түгөйү аны энесинен тартып алчудай санааркашат", — деди психолог.
Адис бул учурда келин тескерисинче кайненени өзүнө тартып, "душман" эмес экенин далилдеши керектигин айтат.
Обращение к семейному психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Ажырашкандан корком... Төрөй албай жүргөн келиндин арманы
"Эң туура жолу келин жолдошун апасына мурдагыдан дагы жакын болууга үндөшү керек. Ошондо кайнененин жүрөгү тынчыйт. Бирок эч убакта "мен сенин туугандарыңа эмес, сага турмушка чыккам" деп күйөөсүнүн ата-энесин, бир туугандарын оолактатпашы керек. Мындай жол менен келин жолдошунун жашоосунун чоң жана маанилүү бөлүгүн жок кылып салууга аракет кылгандай болот", — деди адис.
Ошондой эле ал бул эреже эркек кишиге дагы тиешелүү экенин эскертти. Жаңы үйлөнгөн жигит дагы кайын-журтун чын дили менен кабыл алууга аракет кылышы керек.
Колмановскийдин айтымында, кайын-журттан алыс болуу аракети — бул түгөйүңдү сыйлабастык, анын жашоосун өзүң каалагандай калчоого барабар.
Жаңылыктар түрмөгү
0