Тажик чек арачылары кыргызстандыкты кармап кетип, 18 күндөн бери коё бере элек

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Кыргызстандын жаранын кайтаруу маселеси боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү болгон.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы быйылкы жылдын 21-октябрында Лейлек районунун Сада тилкесинде Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармап кеткенин кабарлады.
Ал 24 жаштагы Айдарбек Хайдаров болгон. Алдын ала берилген маалымат боюнча, тажик тарап Хайдаровду чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыптап жатат. Ал атасы жашаган Тажикстандын аймагындагы Пахтакор айылынан кармалган.
Учения МЧС по тушению лесных пожаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Тажикстан менен чектешкен жердеги кыргызстандыктын сарайы өрттөнүп кетти
Белгилей кетсек, Сада жана Пахтакор айылдары маңдай-тескей жайгашкан.
Кыргызстандын жаранын кайтаруу маселеси боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуу болгон.
Маселе УКМК жетекчилигинин көзөмөлүндө экени, атайын кызмат кыргызстандыкты үйүнө кайтаруу үчүн бардык күчүн жумшап жатканы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0