Илим өнүкпөсө турмуш оңолбойт! Жапаровдун илимпоздор күнүнө карата куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Кыргызстанда бүгүн, 10-ноябрь — окумуштуулардын жана илимпоздордун кесиптик майрамы. Бул дата өлкөдө 2002-жылдан бери белгиленип келет.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өлкөбүздүн илим тармагына мамлекет же жеке жак дебей бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикте салым кошчу учур келди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Илим күнүнө карата куттуктоосунда айтылды.
"Биз билген Сингапур, Малайзия, Япония, Корея, Түркия, Германия сыяктуу өлкөлөр жаңы ачылыштардын, заманбап ойлоп табуулардын, өркүндөгөн технологиялардын жардамы менен бүгүнкүдөй абалга жетишкендигин жалпыбыз жакшы билебиз. Ааламдашуу шартында Кыргызстан дагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун босогосунда турат. Заман агымына жараша элибиз да илимге терең маани бере баштаганы жакшы жышаан", — деп айтылат куттуктоодо.
Президенттин айтымында, мамлекет тарабынан илим-изилдөө чөйрөсүн колдоо максатында бир топ иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана каржы маселесин чечүү каралып жатат.
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Радио
Жуматаев: илимий шаймандар базасы жаңыланса илим тез секирик жасайт
"Өлкөнүн кайсы гана тармагында болбосун, изилдөөлөр жүргүзүлүп, өнүгүүгө бет алмайынча эл турмушун жакшыртуу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу окумуштуулар жамаатынын өлкө үчүн жасай турган иштери арбын. Жалпы кыргыз коомчулугунун күткөн үмүт-тилеги дагы, койгон талабы дагы ушул", — деди президент.
Ошондой эле ал илим тармагына мамлекет, жеке жак дебей бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биримдикте иштеше турган учур келгенин кошумчалады.
Кыргызстанда бүгүн, 10-ноябрь — окумуштуулардын жана илимпоздордун кесиптик майрамы. Бул дата өлкөдө 2002-жылдан бери белгиленип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0