COVID: 46 адам ооруп, 3 бейтап каза болду. Соңку маалымат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛечение больных COVID-19 в регионах России
Лечение больных COVID-19 в регионах России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Азыркы тапта стационарда 583, ал эми амбулатордук шартта 778 бейтаптын дарыланып жатканы маалым болду.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 46 адамдан коронавирус табылып, 69 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 28;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 10.
Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 181 982ге жетип, анын ичинен 176 392 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, бир суткада үч бейтап каза таап, көз жумгандардын жалпы саны пандемиядан тарта 2 694 адамга жеткени айтылды.
Учурда стационарда 583, ал эми амбулатордук шартта 778 адам дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0