Жапаров өлкө энергетика кризисинен качан чыгарын айтып, себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жатканына байланыштуу быйылкы күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Мындан улам энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коомдо катуу талкуу жаратып жаткан электр энергиясы боюнча өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.
"Сиздерге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Антпесем, мени келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз социалдык түйүндөрдөн түшпөй жатышат", — деп баштады сөзүн өлкө башчы.
Андан соң президент акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салынбаганын, суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алып турганыбызды кошумчалады.
Жогорку чыңалуудагы электр мамылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Энергияны көп сарптаган ишканаларда кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүн
"Кыргызстан үчүн бул өтө уят иш. Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатты беш сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте, беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек. Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир? Ошентип жеп отуруп энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө аталган сумманы Энергетика министрлиги төлөп, ички жана тышкы булактарга карыз экенин айтты.
"Бул деген банкрот дегенди билдирет. Былтыр мен ишке жаңы киришкенде энергетика системасынын акыбалын көрүп алып төбө чачым тик турган. Ошондо эле Энергетика министрлигине "мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз" деп тапшырма бергем. Мына бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат", — деди президент.
Жапаров учурда карыздардан кутулуу, кичи жана орто ГЭСтерди куруу башталганын айтты. Мунун аркасы менен 2024-2025-жылдарда энергетика системасы кризистен чыгарын кошумчалады.
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Активист: электр жарыгы өчүп, бир жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түштү
"Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт. Анча-мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жатканына байланыштуу быйылкы күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Мындан улам энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0