Чектөөдөн улам электр жарыгы өчсө эмне кылуу керек. Расмий жооп

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATПроблема с электричеством в Марселе
Проблема с электричеством в Марселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Компания "акылдуу" эсептегичтерди орнотпогон абоненттерди кантип текшере тургандыгын кийин кабарлаарын кошумчалады.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Электр кубатын колдонууда жарандар лимиттен ашканда "акылдуу" эсептегич өзү эле электр энергия берүүнү токтотот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.
Бүгүн бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлгандыгы белгилүү болду. Мындан улам чектөөдөн ашкан колдонуучулардын үйүндөгү электр кубаты автоматтык түрдө өчөт.
"Эгер абоненттин электр энергиясы чектөөдөн ашып кеткенде өчсө, алар өз алдынча аны кайра күйгүзүп алышат. Ошол маалда электр каражаттарын өчүрүп, андан соң эсептегичтеги баскычты басып күйгүзсө болот. Алардын баскычтары жана өңдөрү эсептегичтин моделине жараша ар кандай жерде болот", — деп билдиришти алар.
"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт. Компаниядан "акылдуу" эсептегичтерди орнотпогон абонеттерди кантип текшере тургандыгы боюнча маалымат кийинчерээк кабарланаарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0