Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн кандай тамактануу керек. Адистин кеңеши

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүКөз линзасы. Архив
Көз линзасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Азыркы компьютер жана гаджеттердин доорунда көрүүнүн начарлашы — адам баласынын саламаттыгындагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Адис көзгө пайдалуу азык-түлүктөрдү санап берди.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Нутрициолог Анна Павлычева РИА Новости агенттигине көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн кандай азыктарды жеш керектигин айтты.
Адистин пикиринде, көзгө эң биринчи А витамини зарыл. Ал жалпы көрүү синтезине жана күүгүмдө даана көрүүгө жардам берет. А витамини жумуртка, икра жана уйдун боорунда көбүрөөк кездешет.
"Көздүн көрүүсүн бета-каротин, лютеин заттары жана С, Е витаминдери дагы жакшырта алат. Аларды сабиз, болгар калемпири, абрикос, жууган май, жаңгак, шпинат жана ачык түстөгү жемиштерден алса болот. Баса, жемиштер кышка чейин витаминин сактап калышы үчүн аны тоңдуруп койгон оң. Кыямдагы жемиштер анчалык пайдалуу эмес", — деди нутрициолог.
Ошондой эле көздүн тор кабыгы көбүнесе Омега-3 затынан тургандыктан, рациондо анын дагы болгону жакшы. Омега-3 балык жана деңиз өсүмдүктөрүндө көбүрөөк кездешет.
Жаңылыктар түрмөгү
0