Ысык суу же жылуулук боюнча суроо жаралса кайда чалса болот? Телефондор

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, ишкана 132 миң абонентти ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылат. Анын ичинде 71 медициналык мекеме, 80 бала бакча жана 54 мектеп бар.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Бишкек жылуулук" ишканасы жылуулук же ысык суу боюнча суроо жаралып калса шаардыктар кайсы номерлерге чалса болорун айтып, телефондорду жарыялады.
Ишкананын маалымат кызматы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн бир катар иштер жасалганын айтып, анын ичинде жылуулук түйүндөрүндө алмаштыруу жана оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
"Жылуулук берүү мезгили башталгандан тарта ишкана кызматкерлери тынымсыз, дем алышсыз иштеп жатат. Андан сырткары, түндө иштөө үчүн кошумча ыкчам топтор да иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта.
Эгер жылуулук же ысык суу боюнча маселе жаралса, 1980, 61-11-69, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 номерлерине кайрылыңыздар. Белгилей кетсек, ишкана 132 миң абонентти ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылат. Анын ичинде 71 медициналык мекеме, 80 бала бакча жана 54 мектеп бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0