Бишкекти кара түтүн каптай баштады. Аэрофотографтын асмандан тарткан сүрөтү

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин бийиктигинен көрүнүшү. Архив
Бишкектин бийиктигинен көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Кадр Бишкектин Асанбай кичи районунан тартылган. Сүрөттөн Бишкектин чок ортосу менен чет жакаларында аба кирдегенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Аэрофотограф Михаил Дудин Бишкектин асмандан тартылган сүрөтүн жарыялап, борбор калааны кара түтүн каптай баштаганын эскертти.
Кадр Бишкектин Асанбай кичи районунан тартылган. Сүрөттөн Бишкектин чок ортосу менен чет жакаларында аба кирдегенин көрүүгө болот.
Соцтармактын колдонуучулары кара түтүн октябрда эле пайда болгонун жазышты. Экоактивист Влад Ушаковдун айтымында, катуу суук түшөрү менен ыш жакшы байкала баштайт.
Мөңгүлөрдү талкалагандарга каршы туруш керек. Жапаровдун видеокайрылуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Мөңгүлөрдү талкалагандарга каршы туруш керек. Жапаровдун видео кайрылуусу
Соңку жылдары суук түшөрү менен борбор калааны ыш каптоодо. Өткөн жылкы кышта Бишкек абасы кир шаарлардын ичинен World Air Quality версиясы боюнча биринчи орунга чыккан. Бийлик өкүлдөрү буга турак жайлар менен коммерциялык объектилерди жылытууда көмүрдүн жагылышы жана ТЭЦ менен автоунаалардан чыккан түтүн себеп болуп жатканын билдиришкен.
Ал эми медиктер кир аба ден соолукка терс таасирин тийгизерин эскертип келишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0