Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кайгуул милициясынын кызматкерлери канча айлык алат? Жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын кызматкери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Милициянын кайгуул кызматы пилоттук долбоор катары Бишкек жана Ош шаарында иштеп жатат. Ушул убакка чейин бош вакансиялар бар.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматынын орточо айлык акысы 25 миң сом экенин ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин борборундагы брифингде айтты.
Ошондой эле ал учурда вакансиялар дагы бар экенин кошумчалады.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев
Заместитель начальника Управления дорожно-патрульной службы и правоприменительной практики ГУОБДД Манас Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев
"Пилоттук долбоор катары бул кызмат Бишкек жана Ош шаарында иштеп жатат. Азыр бош вакансиялар бар. Мурда бул кызматка жогорку билими жок жарандарды алып, кийин анын кесепетин көрдүк. Азыр жогорку билим сөзсүз болушу керек деген талап пайда болду. Башында бул кызматты түзүү менен ар бир чакырууга ыкчам жооп болсун деген максат коюлган. Бирок эсептей келгенде бир экипажга 50 чакырымдан аянт тийип калууда", — деди Сыдыгалиев.
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Пресс-борбор
Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга жаңы жаза сунушталууда
Андан соң орун басар журналисттердин "кызматкерлер канча айлык алат?" деген суроосуна жооп берди.
"Айлык акы орто эсеп менен 25 миң сом. Менимче, бул мектепти гана бүткөн жаш адистерге жакшы маяна. Бирок мындан ары жогорку билим сөзсүз талап кылынат", — деди ал.
Сөзүнүн аягында Сыдыгалиев жумуш жеңил болбогондуктан көпчүлүк кызматкерлер бир аз иштеген соң кетип каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0