Баланын коронавирус менен ооруп жатканын кантип билсе болот? Сейрек белгилер

© AFP / STRРебенок проходит тест на COVID-19. Архивное фото
Ребенок проходит тест на COVID-19. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, ооруканага барбай медикти үйгө чакырууну сунуштаган.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова коронавирус менен ооруган балдарда байкалчу сейрек белгилерди брифинг учурунда атап берди.
Анын айтымында, ымыркайларда коронавирустун белгилери дароо билинбейт. Эгер бала ооруп калса, ал көп ыйлап, тамак ичпей, тынчы кетип, уйкусу начарлай баштайт.
"Бир айга толо элек наристелерде бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелүү. Бул көйгөй ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат", — деди дарыгер.
Коронавирустун сейрек белгилери:
  • Кусуу жана ич өтүү. Бул белги коркунучтуу. Анткени суюктуктун 10 пайызын жоготкон учурда бала кыйналып, ымыркайларда бул өлүмгө алып келиши мүмкүн;
  • Бүдүрлөр. Коронавирус болгондо дайыма эле бүдүр чыга бербейт. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам пайда болот. Көбүнчө алар бутка чыгып бир жумага созулат. Мындай учурда ымыркайды улгайган адамдардан оолак кармоо керек.
Кургак жөтөл. Бул — жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси.
Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, ооруканага барбай медикти үйгө чакырууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0