Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Жапаров ишкерлерди тартипке чакыруу аракети көрүлүп жатканын айтты. Себеби салык төлөбөй, бирок Дубай, Лондондо эс алып жүргөндөр бар.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 100 миң сомдон көп салыктык карызы бар компаниянын жетекчилерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеште Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору каралып жатат. Документке аталган норма киргизилген.
"Бир ишкананын салыктык карызы 100 миң сомдон ашып кетсе сотко кайрылып, чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу чечимин сурайбыз. Андан сырткары, ишканалар же ишкерлер өзүнүн мүлкүн сата албайт, биз буга "кызыл карточка" коёбуз. Салык төлөбөй Дубай, Лондондо эс алып жүрүшөт. 100 миң сомду төлөп коюп эле чыгып кете берсин да", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы кошуна өлкөлөрдө мындай система катуу иштеп жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0