Түнкүсүн таштагыла. Дарыгер смартфондун ден соолукка зыян жактарын эскертти

© Фото / Pexels/ SHVETS productionТөшөктө жатып телефон колдонуп жаткан кыз. Архив
Төшөктө жатып телефон колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Дарыгер уюлдук телефондун зыянын тартпай, ошол эле учурда зарылчылыкка байланыштуу ала калгыдай болуш үчүн төшөктөн эки метр алыс коюуну сунуштады.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Смартфонду жакын коюп уктоо көзгө, иш жөндөмдүүлүгүнө, деги эле жалпы организмге терс таасирин тийгизе турганын "Известия" басылмасына невролог, гирудотерапевт, сомнолог Ольга Зинчева айтып берди. 
Анын пикиринде, смартфондордон чыккан радиожыштык нурлануу адамдын ткандарына "сиңип кетет". Бөтөнчө, балдар, кош бойлуулар, жүрөк-кан тамыр, нерв системасынын оорусу менен жабыркагандар жана иммунитети начарлар абайлашы керек. Айрым изилдөөлөр боюнча, телефондон чыккан нурлар тукумсуздуктун, рактын, неврологиялык жана психикалык бузулуулардын өрчүп кетүү тобокелдигин жогорулатат. Анткен менен изилдөөлөр так эмес, бирок тастыкталган да жагдайлар бар.
"Смартфонду түндө колдонуу эки эсе зыян. Экрандын көк түсү көздүн көрүүсүнө кедергисин тийгизип, биологиялык ыргактарды бузуп, уйкуну качырат, ошондой эле баш ооруйт, иш жөндөмдүүлүк төмөндөйт, эс тутум начарлайт. Көбү социалдык тармактарга байлангандыктан телефондон алыстоо да кыйын", — деген Зинчева.
Дарыгер уюлдук телефондун зыянын тартпай, ошол эле учурда зарылчылыкка байланыштуу ала калгыдай болуш үчүн төшөктөн эки метр алыс коюуну сунуштады. Коопсуздук үчүн түнкүсүн смартфонду кубаттагычка сайбоону да эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0