28-октябрда Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСуу толтурулган идиштер. Арихв
Суу толтурулган идиштер. Арихв - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, конуш тургундарын муздак суу камдап алууга чакырды.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 28-октябрда Бишкектин бир катар райондорунда муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ХБО суу бөлүштүргүчүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан 7-Апрель, Горький, Достоевский жана темир жол линиясында суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин болбойт.
"Муздак суу аталган конуштардын турак үйлөрү, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өнөр жай объектилеринин баарында өчүрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, конуш тургундарын муздак суу камдап алууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0