COVID: үч адам каза таап, 124 киши жуктурду. Соңку статистика

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Коронавирус Ош шаары, Ош жана Нарын облустарында катталбагандыгын айтышты. Анткен менен вирустук инфекцияга кабылгандардын саны күн санап өсүп жатат.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 124 кишиден коронавирус аныкталып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми 106 адам оорудан айыгып чыккан.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 65;
  • Чүй облусу – 28;
  • Талас облусу - 4;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 4.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 180 865ке чамалап барды. Анын ичинен 175 302 адам айыккан.
"Бир суткада эмделбегендер арасында үч бейтап көз жумду", — деп жазылган Республикалык штабдын маалыматында.
Соңку суткадагы сандарды кошкондо пандемия башталгандан тарта өлкөдө жалпысынан 2 661 бейтап өмүрү менен кош айтышты.
Бүгүнкү күндө стационарда 688, ал эми амбулатордук шартта 692 адам дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0