Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековОш базары. Архив
Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Үч жыл мурда Кыргызстанда тамак-аш өндүргөн жана саткан объектилерди текшерүүгө мораторий жарыяланган. Бирок бир нече күн мурдагы массалык уулануудан улам бул эреже жокко чыгарылды.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ишкерликтин бардык субъектилери Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын пландык текшерүүсүнөн өтүшү керек. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова
Санитарный врач бишкекского Центра госсанэпиднадзора Кундуз Есенгулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова
"Коомдук тамактануу жайлары, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” сыяктуу тамак-аш саткан ири жана чакан базарлар текшерүүдөн өтүшү зарыл. Ошондой эле азык-түлүк дүкөндөрү, павильондор, колбаса, нан жасаган ишканалар текшерилиши керек”, — деди ал.
Есенгулова учурда текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуулар болуп жатканын кошумчалады.
Бишкектеги Империя пиццы кафеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Пресс-борбор
"Империя пиццы" кафесине канча айып пул салынганы айтылды
Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.
Ал эми бүгүн, 26-октябрда, ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти.
Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.
Жаңылыктар түрмөгү
0