Дарыгер: эмчек рагына ашыкча салмак менен жабыркагандар да кабылышы мүмкүн

© AFP / STF / AFP FILESАшыкча салмак менен аял. Архив
Ашыкча салмак менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Адис жол кырсыгына кабылган же төшүн бир нерсеге катуу уруп алган адам да маммологго көрүнүшү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Эмчек рагы ашыкча салмак менен жабыркаган, тамеки чеккен, спирт ичимдиктерин көп ичкен жана жаракат алган адамда пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологу, маммолог, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирген.
Адис рак оорусунун пайда болуу себептерин айтып, дартты алдын алуу зарылдыгына токтолгон.
"Дүйнө жүзүндөгү статистика боюнча анын пайда болушуна биринчи генетикалык фактор, анан жаш курак таасир этет. 35 жаштан 55 жашка чейинки аялдардын арасында эмчек рагына чалдыккандар абдан көп. Ага дейре жана андан кийинки курактагыларда деле бул дарт кездешет. Бирок көбүнчө ушул курактагылар ооруйт. Аларга жок дегенде жылына бир жолу УЗИден же маммографиядан өтүп тургула деп кеңеш беребиз. Мындан тышкары, эмчек рагы ашыкча салмак менен жабыркаган, тамеки чеккен, спирт ичимдиктерин көп ичкен жана жаракат алган кишиде пайда болушу мүмкүн", — деген Алиев.
Дарыгер жол кырсыгына кабылган же төшүн бир нерсеге катуу уруп алган адам да маммологго көрүнүшү керектигин белгилеген. Анын айтымында, айрым аялдардын сүт бездери аябай катуу же эстроген гормондору жогору болот. Бул да ооруга өбөлгө түзөт. Мындан улам адис дарыгерге көрүнүп турууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0