Кыргызстандагы 1 млн. окуучуга ылайыкталган долбоорду Япония каржылайт

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар мектептин ашканасында. Архив
Окуучулар мектептин ашканасында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Долбоорду ЮНИСЕФ менен Кызыл жарым ай коому өлкөдөгү эки министрлик менен кызматташуу аркылуу ишке ашырат.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы миллионго жакын бала өзгөчө кырдаал шартында өзүн алып жүрүү боюнча коопсуздук чаралары тууралуу билимин жакшыртат. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгү кабарлады.
"Балдардын алаамат коркунучуна жана климаттын өзгөрүшүнө болгон туруктуулугу" аттуу долбоордун экинчи фазасы Кызыл жарым ай улуттук коому менен биргеликте ишке киргизилди. Япониянын өкмөтү долбоорго 4 миллион доллар бөлүп жатат. Үч жылдык долбоор Билим берүү жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен биргеликте жайылтылат.
Долбоор боюнча өткөрүлгөн тегерек столдо Япониянын элчиси Сигэки Маэда анын өлкөсүндө жаратылыш кырсыктары бат-баттан болуп тургандыктан япониялыктар алардын шартына окшош мамлекеттерге жардам берүү керектигин жакшы түшүнүшөрүн белгилеген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдарга арналган Алтын балалык реабилитациялык борборун ишке киргизүү боюнча кайрымдуулук марафонуна катышып, өзүнүн фондунан үч миллион сом бөлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Садыр Жапаров "Алтын балалыкты" ишке киргизүү үчүн фондунан 3 млн. сом бөлдү
"Кыргызстанда Японияныкына окшош жана андан айырмаланган жаратылыш кырсыктары болуп турат. Кандай болгон күндө дагы мындай окуяларга даяр туруш керек. Мында мектептеги билим чоң роль ойнойт. Биз ЮНИСЕФ өлкөнүн тийиштүү ведомстволору менен биргеликте билим берүү программасын иштеп чыгат деп ишенебиз", — деди Маэда.
Долбоордун алкагында өлкө боюнча 1800 мектепте атайын иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн дагы көп иштерди жасаш керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0