26-октябрда Бишкектин кайсы бөлүктөрүндө жарык өчөт? Тизме

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Ремонттоочу бригадалар жабдууларды оңдоо, чубалгы тартуу, таяныч устундарын орнотуу жана трансформаторлорду сынактан өткөрүү иштерин жасайт.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 26-октябрда, Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым райондорунда электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Мекеменин жумушчулары жабдууларды оңдоо, чубалгы тартуу, таяныч устундарын орнотуу жана трансформаторлорду сынактан өткөрүү иштерин жасайт.
Өчүрүүлөрдүн графиги:
  • 9:00дөн 13:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги № 80/1 үй;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Гагарин көчөсүнүн бир бөлүгү, Бөкөнбаев көчөсүндөгү № 245, 247 үйлөр, Ак-Босого конушу (Манас, Чүй 16-23, 39-47);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик жана Ынтымак (Термечиков, Он-Арча, Бах, Баба-Ата, Тыналиев, Узун-Булак, Кейкап) конуштары;
  • 9:30дан 14:00гө чейин — Рухий Мурас конушу;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 3-кичи райондогу № 18 үй;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Курманжан Датка, Саратовская, Фрунзе жана Огонбаев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 13:00дөн 15:00гө чейин — Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0