Шайлоодо үгүт иштерине аралашпагыла! Дин кызматкерлерине эскертүү берилди

© Фото / пресс-служба Госкомиссии по делам религийДин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров диний кызматкерлерге алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине катышпоону эскертти
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров диний кызматкерлерге алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине катышпоону эскертти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Комиссиянын директору үгүт маалында диний уюмдун өкүлдөрүн катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берген.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров диний кызматкерлерге алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине катышпоону эскертти. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди. 
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Президент: диний мекемеде иштеген жарандар шайлоого катыша албайт
Маалыматка ылайык, Абдыкаров жыйында дин жаатындагы мамлекеттик саясатка токтолуп, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дин кызматкерлери талапкерлердин үгүт иштерине байланыштуу иш-чараларга катыша албастыгын эскерткен. Ошондой эле бул жаатта катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды бергени маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0