15:38 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Коом
Кыскача шилтеме алуу
416 0 0

Беш жылдык статистикага көз чаптыра турган болсок, эркек балдар жыл сайын 4 000ге көбүрөөк төрөлүп жатканы байкалат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда уул балдарга караганда кыз балдар азыраак төрөлөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлөт.

Ага ылайык, өлкөдө орто эсеп менен 100 кызга 105 эркек туура келет. Башкача айтканда, жылына жарыкка келген уул балдардын саны 4 000ге көп.

  • 2020-жылы 158 112 ымыркай төрөлгөн, анын ичинен 81 154ү уул балдар, 76 958и кыздар. Ортодогу айырма — 4 196;
  • 2019-жылы 173 484 бала жарыкка келген, анын ичинен эркектер  — 88 765, кыздар  — 84 719. Ортодогу айырма — 4 046;
  • 2018-жылы 171 149 наристе төрөлгөн, анын ичинен эркектер —  87 927, кыздар  — 83 222. Ортодогу айырма — 4 795;
  • 2017-жылы 153 620 ымыркай туулган, анын ичинен эркектер —  78 967, кыздар  — 74 653. Ортодогу айырма — 4 314;
  • 2016-жылы 158 160 бала жарыкка келген, анын ичинен эркектер —  81 233, кыздар  — 76 927. Ортодогу айырма — 4 306.

Ал эми 2021-жылдын январь-август айларында 101 617 бала төрөлгөн. Алардын жынысы тууралуу маалымат жыл соңунда берилери айтылды.

Тема боюнча

Аялдар кесиптешин, ал эми эркектер жетекчисин көрө албайт. Сурамжылоо
Кыргызстанда жашоо минимуму 22 пайызга жогорулады. Статистика
Белгилер:
Кыргызстан, кыз, эркек, төрөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ