08:16 27 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
219 0 0

Чогулгандар иммуносупрессор сатып алуу боюнча тендер кечиктирилип жатканын айтып, министрлик аны изилдөөдөн өтпөгөн препараттарга (женерик) алмаштырууну көздөп жатканын билдиришти.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте боорун жана бөйрөгүн алмаштырган бейтаптар митингге чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, I топтун майыптары Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына чогулушкан.

Алар иммуносупрессор сатып алуу боюнча тендер кечиктирилип жатканын айтып, министрлик аны изилдөөдөн өтпөгөн препараттарга (женерик) алмаштырууну көздөп жатканын билдиришүүдө.

"Айрымдар бул дарыны күнүнө эки маал ичип турушу керек. Бирок жок болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги да бербей жатат. Бул дарыга 600дөй адам муктаж, ал эми аны дарыканалардан табуу мүмкүн эмес", — деди митингчилердин бири.

Нааразычылык акциясына гемодиализ ала албай жаткандар да келишкен.

Эскерте кетсек, трансплантация кылдыргандар жаңы салынган органды организмдин кабылдашы үчүн өмүр бою иммуносупрессор дарысын ичиши керек.

  • У здания Министерства здравоохранения в Бишкеке проходит митинг пациентов с пересаженными органами
    Бишкекте боорун жана бөйрөгүн алмаштырган бейтаптар митингге чыкты
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • У здания Министерства здравоохранения в Бишкеке проходит митинг пациентов с пересаженными органами
    Алар иммуносупрессор сатып алуу боюнча тендер кечиктирилип жатканын айтып, министрлик аны изилдөөдөн өтпөгөн препараттарга (женерик) алмаштырууну көздөп жатканын билдиришүүдө
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • У здания Министерства здравоохранения в Бишкеке проходит митинг пациентов с пересаженными органами
    Нааразычылык акциясына гемодиализ ала албай жаткандар да келишкен.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 3
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте боорун жана бөйрөгүн алмаштырган бейтаптар митингге чыкты

Тема боюнча

Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу
Бишкекте унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери митингге чыкты
Белгилер:
бөйрөк, дары, митинг, сүрөт, видео, операция

ЭҢ МААНИЛҮҮ