Эртең Бишкектин эки конушунда суу жок болот

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСуу тамып жаткан кран. Архив
Суу тамып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Суу 9:00дөн 18:00гө чейин жок болот. Мындан улам муниципалитет ал жакта жашагандарга суу алып коюуну эскертти.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. 26-октябрда Бишкектин Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Эскертүүдө жазылгандай, "Ала-Тоо" суу бөлүштүргүчүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан муздак суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин болбойт.
"Суу аталган конуштардын турак үйлөрү, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өнөр жай объектилеринин баарында өчүрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, конуш тургундарын муздак суу камдап алууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0