Багдаддык кыргыз, сырдуу тапшырма, "япон мафиясы". Кыргыз дипломаттарынын жолу

© Фото / Центральный архив кинофотофонодокументовКыргыз ССРнин өкмөтү менен коммунистик партиянын жетекчилиги Мозамбик Эл Республикасы маршал Самора Мойзеш Машел менен баарлашуда
Кыргыз ССРнин өкмөтү менен коммунистик партиянын жетекчилиги Мозамбик Эл Республикасы маршал Самора Мойзеш Машел менен баарлашуда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Бүгүн, 24-октябрда, Кыргызстандын дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп жатат. Кыргыз ССРинин туңгуч дипломаттары кандай жол басып өткөнүн Sputnik даярдаган материалдан окуп билүүгө болот.
Россиянын дипломаттар ассоциациясы кеңешинин төрагасы Игорь Хавелинский кыргыз дипломатиясынын биринчи өкүлдөрү СССРдин чоң дипломатиялык отрядынын активдүү мүчөлөрү болгон деп белгилеген. Колумнист Алмаз Батилов ушул масштабы кеңири системанын алдыга жылышына, бутуна туруп иштеп кетишине эбегейсиз салым кошкон дипломаттардын баянын сунуштайт.

Закон Турдукулов, кыргыз дипломатиясынын карлыгачы

(1928-1974)
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин отставкадагы полковниги Чоро Мураталиевдин кыргыз элинен чыккан туңгуч дипломат Закон Турдукулов жөнүндө айтканы
© Фото / из личного архива Феликса ТурдукуловаЗакон Турдукулов (оң жактан биринчи) Ирак өкмөтүнүн мүчөлөрү менен. 1961-жыл, Багдад
Первые дипломаты Кыргызской ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Закон Турдукулов (оң жактан биринчи) Ирак өкмөтүнүн мүчөлөрү менен. 1961-жыл, Багдад
— Ал менин жездем эле. Жубайы биздин жакын эжелер болчу. Бир ирет үйүнө конокко барсам, мага Иракта иштеп жүргөн учурда багдаддык кыргызга жолукканын айтып берген. Жездем Багдадда советтик элчиликтен чыгып бара жатса, ага белгисиз жергиликтүү тургун кайрылып "салам алейкум, бай аке" деп кыргызча учурашат. "Менин тегим кыргыз. Тилекке каршы, эне тилимде ушул сөздү гана билем" дейт муңканып. "Советтер Союзунун элчилигинде кыргыз дипломат иштейт деген кабарды угуп, сиз менен таанышуу үчүн атайын күтүп турам" деп калган сөзүн арабча улантат. Жездем кызыгып Иракка кандайча келип калганын сурайт. Ал "илгери ата-бабаларыбыз Кыргызстандан Багдадга көчүп келиптир. Бирок бул жакка кайсы өрөөндөн жана эмнеден улам жер оодарганын билбейм" деп жооп берет. Анан конокко чакырат. "Мен советтик элчиликтин кызматкери болгондуктан тартип боюнча жетекчиликтен уруксат алышым керек. Андан кийин кабарлашалы" дейт жездем. Кандашыбыз макул болот. Элчиден уруксат алгандан кийин эжем экөө багдаддык боордошубуз менен кетер-кеткенче катышып жүрөт. Ошол окуяны эстесем "кыр-жон барбы кыргыз сөөгү жатпаган, кайың барбы кыргыз балта чаппаган" деген каңырык түтөткөн сөз эсиме түшөт...

Полот Искаков, СССРдин толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси

(1931-2015)
Эмгек жолун 1967-жылы Тунистеги СССРдин элчилигинде үчүнчү катчылык кызматынан баштаган Искаков тууралуу кызы Гүлнара айтып берди.
© Фото / из семейного архива ИскаковыхСССРдин Генералдык консулу Полот Искаков салтанаттуу кечеде конокторду тосууда. Алжир, Оран шаары, 1988-жыл
Первые дипломаты Кыргызской ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
СССРдин Генералдык консулу Полот Искаков салтанаттуу кечеде конокторду тосууда. Алжир, Оран шаары, 1988-жыл
—  Атам жумушу жөнүндө биз менен анча сыр бөлүшчү эмес. Себеби дипломатиянын көп нерсеси мамлекеттин купуя сыры эмеспи. Бир ирет ал өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өмүрүн тобокелге салып чет мамлекетте куугунтукта жүргөн айрым саясий ишмерлерге жардам бергени тууралуу сөз кылган. Советтер Союзунун элчисинин кеңешчиси Чубриков (аты эсимде жок) Тунистин Коммунистик партиясынын лидери Мухаммед Хармелге тымызын жолугасың деп тапшырма берет. Ал кезде бул өлкөдө Коммунистик партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эле. Дал ушул себептен улам Хармель бийликтен жашынып жүргөн учур экен. Атам аны менен Тунистин борборундагы археологиялык музейден жолугат. Ошол убакта советтик дипломаттардын бири музейде, экинчиси тышта коопсуздугун камсыздап турушат. Тунистин коммунистеринин башчысы ага конверт берип, "эртең жолугушууга аялым келет, анын теги француз, жашыл кийимчен болот" деп шашып чыгып кетет. Конверттин ичинде башка ысымдарга даярдалган Хармелдин жана жубайынын паспорттору бар экен. Элчиликтен Хармель менен зайыбына асма виза жасалып берилет. Бул виза паспортко басылбай, өзүнчө баракча болуп дайындалат. Өлкөдөн чыгып бара жаткан учурда чек арачылар алып калышат. Муну менен паспортко эч кандай мөөр коюлбайт да кайсы мамлекетке кирип чыкканы билинбейт калат. Эртеси атам кайрадан музейден Хармелдин аялына жашыруун жолугуп паспортторду берет. Ал "Совет өкмөтүнө чоң рахмат" деп шыбыраганга үлгүрөт. Көрсө, тунистик ишмер абдан ооруп жүргөн учур экен. Советтер Союзунун жетекчилиги аны жубайы менен дарыланууга Москвага чакырыптыр.

Алмасбек Тилебалиев, Пакистан менен Индияда иштеген биринчи кыргыз дипломаты

(1932-2003)
Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, маркум Нургазы Кемелбаев төмөнкүчө эскерген:
© Фото / из личного архива Айбека ТилебалиеваСоветтер Союзунун Пакистандагы элчилигинин үчүнчү катчысы Алмасбек Тилебалиев жубайы Жамал Ырсалиева менен. 1962-жыл
Первые дипломаты Кыргызской ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Советтер Союзунун Пакистандагы элчилигинин үчүнчү катчысы Алмасбек Тилебалиев жубайы Жамал Ырсалиева менен. 1962-жыл
— Алмасбек Тилебалиев Жумгалдын уулу. Ал кыргыз жаштарынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин француз тили боюнча адистигин бүткөн. Алмасбек Тилебалиевичтин эмгек жолу Ак-Талаа аймагындагы Дөрбөлжүн айылынын орто мектебинде мугалимдиктен башталат. Бир аз убакыттан кийин жетекчилик анын билими менен уюштуруучулук жөндөмүн байкап, Ак-Талаа районунун комсомолдук уюмунун биринчи катчылыгына дайындайт. Бул багытта үзүрлүү иштеп, 1959-жылы республика жетекчилиги аны Москвадагы СССРдин Тышкы иштер министрлигинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектебине окууга жиберет. Тилебалиев үч жыл окуп англис тилин терең өздөштүрөт. 1961-жылы бир жарым ай Алмасбек Тилебалиевич дипломдук практикасын Лондон шаарында өтөт. 1962-жылы Пакистандын Карачи калаасындагы Советтер Союзунун элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындалып, ал кыргыз дипломаттарынын ичинен алгачкылардан болуп Пакистанда иштеди. Тилебалиев ушул мамлекетте үч жыл иштеп, бай тажрыйба топтогон. 1968-1969-жылдары Москвада СССРдин ТИМинин жогорку кызматтагы дипломаттарынын билимин жогорулатуу курстарын ийгиликтүү бүткөн. 1971-жылы Индиядагы Советтер Союзунун элчилигинин экинчи катчысы болуп бекитилет. Бул мамлекетте да кыргыз дипломаттарынын арасынан биринчилерден болуп иштеген. Бир ирет элчиликке Москвадан Делиге өкмөт деңгээлинде бир чоң келет деген маалымат берилет. Ушул делегациянын тилмечи "Тилебалиев мага жардам берсин. Индустар англис тилинде сүйлөгөндө жакшы түшүнбөй жатам. Алмасбек Тилебалиевич СССРге эмгек өргүүгө кетпей коё турсунчу" деп абдан өтүнөт. Тилебалиев ага көмөк көрсөтүп, андан кийин Кыргызстанга эмгек өргүүгө кеткен. Кийин таасирлери тууралуу “Индия элестери” деген ыр китебин жазган. Атасынын жолун улап, уулу Айбек Тилебалиев азыр Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде иштеп жаткан учуру.

Ишенбай Абдуразаков, СССРдин толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси, КРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси

(1937-2014)
Ишенбай Абдуразаковдун япон тилин тандап алган себебин келини Жылдыз Муралиева айтып берди.
© Фото / из семейного архива АбдуразаковыхСССРдин Саппоро шаарындагы консулу Ишенбай Абдуразаков өмүрлүк жары Майрам Юсупова менен япон улуттук кийими кимонону кийип түшкөн сүрөтү. Япония, Хоккайдо аймагы. 1976-жыл
Первые дипломаты Кыргызской ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
СССРдин Саппоро шаарындагы консулу Ишенбай Абдуразаков өмүрлүк жары Майрам Юсупова менен япон улуттук кийими кимонону кийип түшкөн сүрөтү. Япония, Хоккайдо аймагы. 1976-жыл
— 1959-жылы атам Москва мамлекеттик экономикалык институтун бүтүрүп, Кыргыз ССРинин мамлекеттик органдарында, илимий жана партиялык кызматтарда иштеди. 1967-жылы жетекчилик аны Москвадагы СССРдин Тышкы иштер министрлигинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектепке окууга жиберет. Ошол убакта бул окуу жай абдан жабык эле. Атайын комиссиянын мүчөлөрү билими менен жөндөмүн текшерип, сүйлөшөт. Буга чейин ал Европа жана Американын абалы жөнүндө дил баян жазат. Комиссиянын мүчөлөрү анын билимин жактырып, араб тилин окууну сунуштайт. Араб тили татаал болгондуктан башка сабактарды окууга жетишпейм деген далил менен атам бул сунуштан баш тарткан экен. Анда кайсы тилди тандайсың деп комиссиянын мүчөлөрү сурашат. Ал "япон тилин окугум келет. Бул элдин тарыхы, үрп-адаты жана экономикасы абдан кызыктырат" деп жооп берген. Бирок комиссия болбой эле араб тилин окутуп, атам айласыздан төрт ай араб тилин окуйт. Тайпада староста болуп шайланат, ошол маалда ким староста болсо ал сөзсүз элчи болот деп тамашалап коюшчу экен. Төрт айдан кийин Жогорку дипломатиялык мектептин проректору келип, баарынын көзүнчө япон тилин окууга уруксат бериптир. Мектеп жабык болгондуктан чет элдик адистерди ишке алчу эмес экен. Атамдын биринчи мугалими япон тилин билген отставкадагы офицер болгон. Ошентип япон таануучулардын чөйрөсүнө кирет. Бул чыгыш таануучулардын тайпасын тамашалап “япон мафиясы“ деп аташчу экен.

Айжигит Буранов, Кыргызстандын  I класстагы толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси

© Фото / из личного архива Талгата ЧинетоваКыргызстан менен Индиянын Тышкы иштер министирликтеринин кызматкерлери ортосундагы пикир алмашуу (Айжигит Буранов оң жактан биринчи). Дели, 1996-жыл
Первые дипломаты Кыргызской ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстан менен Индиянын Тышкы иштер министирликтеринин кызматкерлери ортосундагы пикир алмашуу (Айжигит Буранов оң жактан биринчи). Дели, 1996-жыл
— 1972-жылы Фрунзе шаарындагы №24 мектепти бүткөм. 1930-жылдардын башында атам Баймухамед басмачыларга каршы күрөшкө катышкан. Ал убакта 20 жашта экен. Кыргыз жаштарынын ичинен алгачкылардан болуп Казань университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Атам прокуратура жана республиканын адвокаттар коллегиясында иштеди. Ал эми апам Вера Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болчу. Ошондуктан алар кыргыз элинин интеллигенциясын абдан жакшы таанышчу. Мен бала кезден чыгыш таануучу болгонду самачумун. Бул кесипти тандап алууга атактуу орус окумуштуулары Николай Пржевальский жана Николай Миклухо Маклай өңдүү чыгыш таануучулардын илимий эмгектери, алар жөнүндө тартылган көркөм тасмалар түрткү болду. 1973-жылы Советтик армиянын катарына чакырылдым. Аскердик кызматымды Минск шаарындагы атайын даярдыктагы бөлүктө өтөдүм. 1974-жылы январда биз кызмат өтөгөн аскердик бөлүктө түн ичинде өрт чыкты. Казармадагы полктошторумду өрттөн куткарып, курал-жаракты алып чыгып бара жаткан маалда колдорум күйүп, мунун айынан госпиталга жаттым. Командачылык мындай каармандыгым үчүн “Аскердик кызматтагы күжүрмөндүгү үчүн” төш белгиси менен сыйлап, Кыргызстанга эмгек өргүүгө жиберди. Андан тышкары, дивизиянын саясий бөлүмү Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер боюнча институтка тапшырууга жолдомо берди. Мен кыялымды ишке ашырыш үчүн Москвага жогорудагы институтка кире кетүүнү чечтим. Атам Фрунзеден чалып, "Москвадан кыргыздын биринчи вьетнам таануучусу Касымбай Намазбеков менен жолугуп, адистигиң тууралуу сүйлөш. Мен ага айттым" деди. 1974-жылы март айында Москванын Смоленский аянтында жайгашкан СССРдин Тышкы иштер министрлигинин кире беришинен жолуктук. Аскердик кышкы форма кийип, эки колум таңылганын көрүп жылмайды. Намазбеков мага “бешиктеги баланын бек болорун ким билет. Сен индонезий жана малай тилин тандагын. Бул эки тилде Индонезия, Малайзия, Бруней жана Сингапурдагы калктын басымдуу бөлүгү сүйлөйт. Анын үстүнө ушул мамлекеттер боюнча Орто Азияда адис жокко эсе" деп кеңеш берди. Анын сөзүн угуп, жогоруда айтылган адистикти тандап алып институтка өттүм. 1982-жылы жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Индонезиядан дипломатиялык карьерам башталды. Ошон үчүн Касымбай Намазбековичке берген кеңешине өмүр бою ыраазымын.
Жаңылыктар түрмөгү
0