Бийлик үч шаарда элдин саны өсүп жатканына тынчсызданууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги айт намазда кишилер. Архив
Бишкектеги айт намазда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Элдин санынын өсүшү социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна күч келтире турганы белгиленет.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тегерегиндеги калктын санынын өсүп жатканы боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу өлкөнүн 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасында айтылат.
Калктын баш калаанын жана түштүктөгү эки шаардын айланасында көбөйүшү келечекте социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна күч келтире турганы белгиленген.
Мындан тышкары, жыл сайын эмгекке жарамдуу жаштардын табигый агымынан улам жумушсуздук күчөп кетери белгиленди. 2030-жылга карата бул көрүнүш чегине жетери айтылат. Анда жылына болжол менен 350 миң адам эмгек рыногуна чыгат.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы
Ошондой эле жакынкы келечекте пенсия курагындагы жарандардын үлүшүнүн туруктуу өсүшү байкалат, жыл сайын 20 миң адамдан кошулуп турат. Бул пенсиялык саясаттын жана саламаттык сактоо системасынын, социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүнүн алкагында эске алынууга тийиш.
Жалпысынан программада белгиленгендей, бүткүл Борбордук Азияда демографиялык басым күч алат, бул миграциялык процесстердин динамикасын шарттайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0