Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение премии имени Салтанат Саматовой "Держи мою руку"
Вручение премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров балдардын реабилитациялык борборуна акчаны бир туугандары чогултуп бергенин билдирди.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарованын "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна берген 500 миң сому тууралуу маалымат жыйын учурунда айтты.
Журналисттер ал каражат кайдан алынганына кызыгышты.
"Бул сумманы бир туугандарым, Жапаровдор чогултуп берген. Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы, сүрдөдүбү, айтор, салып эле кетип калыптыр. Министрге мен ага чейин айткам, маалымат берип коюшу керек эле. Биз 11 бир тууганбыз. Алардын бири каза болуп калган. Баарыбыз 50 миңден чогултуп, конвертке салганбыз. Баарыбыз барбайлы деп Айгүл Жапарова гана алып кеткен", — деди президент.
Эске салсак, президент бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроосуна жооп берип жатат.
Sputnik Кыргызстан иш-чараны тексттик трансляция аркылуу чагылдырып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0