Милициянын кайгуул кызматында иштөөчүлөргө сынак жарыяланды. Талабы

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Документтерди 19-ноябрга чейин ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнө алып баруу керек. Улук жана кенже жетектөөчү курамда жалпы 57 вакансия бар.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Улук жана кенже жетектөөчү курамда жалпы 57 вакансия бар. Кызмат орундардын категориясына жараша талаптар коюлган.
Маселен, башкармалыктын начальниги жана начальниктин орун басары болуу үчүн 10 жылдан кем эмес иш тажрыйба керек.
Улук жана орто жетектөөчү курамга вакансиялардын тизмеси:
  • Начальниктин орун басары — 2;
  • Кесиптик даярдык боюнча улук инспектор — 1;
  • Укук колдонуу практика бөлүмүнүн улук инспектору — 1;
  • Укук колдонуу практика бөлүмүнүн инспектору — 2;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 1-ротасынын командиринин орун басары — 1;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 1-ротасынын взводунун командири — 1;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 2-ротасынын командири — 1;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 2-ротасынын командиринин орун басары — 1;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 2-ротасынын взводунун командири — 2;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 5-ротасынын туристтик взводунун улук инспектору – 9.
  • Кенже жетектөөчү курамга вакансиялар:
  • Нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөтчүнүн жардамчысы — 5;
  • Полктун СБ 1-ротасынын кенже инспектору — 4;
  • Полктун СБ 2-ротасынын кенже инспектору — 7;
  • Полктун СБ 3-ротасынын кенже инспектору — 8;
  • Полктун СБ 4-ротасынын кенже инспектору — 6;
  • Полктун СБ 5-ротасынын кавалериялык взводунун кенже инспектору — 6.
  • Конкурска катышуу үчүн зарыл документтер:
  • кандидат тапшыра турган кызмат орду көрсөтүлгөн арыз;
  • паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турса);
  • балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер балдары бар болсо);
  • аскердик билеттин көчүрмөсү же түп нускасы (айымдар үчүн милдеттүү эмес);
  • тиешелүү билимин, квалификациясын жана атайын билимин тастыктоочу документ (нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн);
  • өмүр баян (кол жазма түрүндө жана басылган);
  • өмүр баяндык реферат (кол жазма түрүндө жана басылган);
  • толтурулган анкета;
  • А-А1, В-В1, С-С1 категориялары менен айдоочулук күбөлүгү;
  • сүрөт 9×12 (1 даана), 3×4 (4 даана, көгүш фондо, классикалык кийим менен);
  • иштеген же окуган жеринен мүнөздөмө (мөөр басылган);
  • эмгек китепчеси.
Документтерди 19-ноябрга чейин ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнө алып баруу керек. Ал Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча жайгашкан. Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 63-12-75 жана 63-09-01 номерлерине чалуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0