Кыргызстан менен Россиянын кызматташа турган мектептеринин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Россиянын бир нече мектептери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту
Кыргызстан менен Россиянын бир нече мектептери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Мектептер орус тили жана адабияты боюнча билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн тийиштүү келишимге кол коюшту.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын бир нече мектептери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Иш-чара орус тилдүү мектептердин директорлорунун форумунун алкагында Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын кичи залында өттү.
Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов келишимдердин кабыл алынышы эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын кызматташуусу үчүн атайын негиз болуп берерине ишенерин айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов
Заместитель руководителя Россотрудничества Павел Шевцов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов
Кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон мектептердин тизмеси:
  • Ысык-Көл облусундагы К. Үсөнбеков атындагы № 2 орто мектеп (директору Назгүл Ибраева) жана Пенза шаарындагы № 42 гимназия (директору Татьяна Сионова);
  • Баткен облусундагы Ю. Гагарин атындагы орто мектеп (директору Анарбек Садыков) жана Курск шаарынын № 58 орто мектеби (директору Татьяна Сорокина);
  • Нарын облусундагы № 7 мектеп-гимназиясы (директору Азат Кадыралиев) жана Москва шаарындагы "Москва эксперименталдык мектеби" спорт жана билим берүү борбору (директору Майя Малышева);
  • Жалал-Абад облусундагы А. Макаренко атындагы № 1 мектеп-гимназиясы (директору Гүлнара Эргешова) жана Москва шаарындагы № 830 мектеп.
  • Кол коюлган келишимдердин алкагында бул мектептер орус тили жана адабияты боюнча долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу боюнча кызматташат.
Форум директоров общеобразовательных организаций с русским языком обучения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Элчи Россия Кыргызстандын кайсы жерлерине мектеп курарын айтты
Белгилей кетсек, орус тилдүү мектеп директорлорунун форуму 21-октябрда башталып, иш-чара эки күнгө созулду. Аны Россия элчилиги менен Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги уюштурган. Форумда окуу процессин уюштуруу, өлкөдөгү мектептерде орус тили боюнча балдардын билимин өнүктүрүүнүн келечеги, Россиядан гранттык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0