Коронавирус 125 кишиден табылып, 4 киши көз жумду. Соңку статистика

© AP Photo / Martin MejiaCOVID-19 анализи үчүн кан үлгүлөрү бар медик. Архив
COVID-19 анализи үчүн кан үлгүлөрү бар медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Илдет илештиргендердин саны күн санап өсүп жатканы байкалууда. Азыркы тапта 639 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 125 кишиден коронавирус аныкталып, 59 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 58;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 36;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 4.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 180 348ге жетти. Анын ичинен 174 934 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, бир сутка ичинде төрт бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Аларды кошкондо оору 2 647 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта стационарда 639, ал эми амбулатордук шартта 622 адам дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0