Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкекте 15-сентябрдан бери 50 окуучу коронавирус менен ооруду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМектептеги окуучулар. Архив
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Вице-мэр Виктория Мозгачева бир айга жакын мезгил ичинде коронавирус бишкектик тогуз мугалимден чыкканын билдирди.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Окутуу офлайн болгондон, тагыраагы, 15-сентябрдан бери Бишкектеги мектептерден 50 окуучудан COVID чыкты. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева
Вице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева
"Окуучулар арасынан коронавируска чалдыккан 50 бала, ал эми билим берүү жайларынан 12 кызматкер катталды. Алардын ичинен тогузу мугалим болсо, үчөө кошумча жардам берген түзүмдөрдөн чыкты", — деди Мозгачева.
Учурда карантинге Бишкекте алты мектептен жабылган тогуз класс төмөнкүлөр экенин айтты:
  • №24 мектептин эки классы;
  • №29 мектептин бир классы;
  • №44 мектептин бир классы;
  • №17 мектептин үч классы;
  • №4 мектептин бир классы;
  • №86 мектептин бир классы.
Мэрдин орун басарынын маалыматына караганда, Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны мектеп мугалимдеринин 75 пайызы алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0