Таанышканына эки күн болгон. Чүйдө кыз ала качты деп төрт киши кармалды

© Фото / Pixabay / Marcello MigliosiБетин жаап турган кыз. Архив
Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 175-беренесине ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылды.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Чүйдө 18 жаштагы кызды ала качты деген шек менен төрт жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү түшкө маал Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Киргшелк айлында 2003-жылы туулган кызды бейтааныш адамдар автоунаага салып кетти деген маалымат түшкөн.
Кыз ала качуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Кыз жардам сурап кыйкырган. Ошто ала качууга шектүүлөр кармалды
Ыкчам-тергөө тобу дароо издөө иштерине киришип, кызды Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен табышкан. Жыйынтыгында милиция кызды ала качты деген шек менен 30, 23 жана 22 (эки бала) жаштагы жарандарды колго түшүрүп, убактылуу кармоо жайына киргизди.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 175-беренесине ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылды.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, уурдалган кыз 17-октябрь күнү курбусунун үлпөт тоюна барып, ал жерден аны ала качкан балдардын бири менен таанышкан. Эки күндөн кийин ал жаран кызды күч колдонуп ала качып кеткен", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Кыз ата-энесине жеткирилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0